2025-жылдагы Ачык жеткиликтүүлүк жумалыгынын темасы: “Биздин билим кимге таандык?”

“Биздин билим кимге таандык?” бул быйылкы жылдын 20-26-октябрында өтүлүүчү эл аралык ачык жеткиликтүүлүк жумалыгынын темасы. 2025-жылдын темасы азыркы учурда коомчулуктун өздөрү иштеп чыккан билимин кантип көзөмөлдөй ала тургандыгы тууралуу так маселени талкуулайт. Ошондой эле бул суроо билим жана изилдөөлөр кимге жеткиликтүү экенин гана эмес, билим кандайча жаралат жана бөлүшүлөт, ал кайдан келип чыгып жана кимдин үнү угулуп, жана анын бааланышына да ой жүгүртүүгө чакырат.

Бул тема акыркы эки жылдагы «Коммерциядан коомчулук артык» («Community over Commercialization») багытында жүргүзүлгөн талкууларды, иш-чараларды жана аракеттерди улантат. Бул аралыкта бир топ ийгиликтер болду: Diamond OA жана Subscribe to Open (S2O) сыяктуу коомго ылайыкташкан моделдер кыйла кеңейди. Көптөгөн редакциялык кеңештер өз журналдарын кайра колго алуу максатында коммерциялык басылмалардан баш тартышты. Мекемелер мугалимдерди баалоодо колдонулган жеке маалымат базаларынан жана көрсөткүчтөрдөн баш тартып, өз иштерин ачык бөлүшүп, билимге кеңири мүмкүнчүлүк берген окутуучуларга түздөн-түз сыйлык алуу үчүн баа берүү системасына өзгөртүүлөр киргизип жатышат. Изилдөөчүлөр барган сайын изилдөөнүн жыйынтыктары өздөрүнө гана таандык эместигин, алар изилдөөгө катышкан тараптар менен бөлүшүлөрүн же ошол тараптардын көзөмөлүндө болоорун түшүнө башташты.

Бул өсүшкө карабастан, ошол эле учурда, жаңы тобокелдиктер коомдук кызыкчылыктан көрө коммерцияны алдыга чыгарып коюу коркунучун жаратат. Жасалма интеллектти үйрөтүү үчүн академиялык иштерди шашылыш колдонуу жана ЖИни окуу системасына киргизүү учурунда авторлорго туура берилген кеңештин жетишсиздиги билим берүү тармагын солгудатып жибериши мүмкүн.

Китепкана шартында ойго келбеген көзөмөл айрым басмаканалардын платформалары аркылуу кадимки көрүнүшкө айланууда. Бирок, ЮНЕСКОнун ачык илим боюнча сунуштары жана Толука-Кейптаун декларациясында каралгандай, коомчулукка негизделген, коомчулук тарабынан жетектелген жана билимди коммерциялык эмес бөлүшүү ыкмалары, бул тобокелдиктерден арылууга жана жеке адамдар жана коомчулук ээ болгон жана алардын билимдеринен пайда алып келе турган жолдорун сунуштайт.

Ачык жеткиликтүүлүк жумалыгы 2025-жылдын 20–26-октябрь күндөрү өтөт; бирок ар бир адам жылдын каалаган убагында талкууларды өткөрүп, аракеттерди жасоого чакырылат. Коомчулук бул теманы өз жергиликтүү контекстине ылайыкташтырып, маанилүү болгон талкууларга көңүл бура алышат. Жергиликтүү темаларды жайылтуу үчүн ыңгайлаштырылуучу графикалык шаблондор жеткиликтүү.

Бул жарыянын башка тилдердеги котормолору, быйылкы темага арналган графикалар жана кошумча маалымат openaccessweek.org сайтында жеткиликтүү. Жумалыктын расмий хэштеги — #OAWeek.

SPARC жөнүндө

SPARC — бул изилдөө жана билим берүү тармагында ачык системаларды колдогон, дүйнөнүн бардык бурчундагы адамдардын билимге жетүүсүнө, салым кошуусуна жана андан пайда алуусуна шарт түзгөн коммерциялык эмес уюм. Эл аралык ачык жеткиликтүүлүк жумалыгы 2008-жылы SPARC жана студенттик коомчулуктун өнөктөштүгү менен негизделген. Кененирээк маалымат sparcopen.org.

Ачык жеткиликтүүлүк жумалыгы жөнүндө

Ачык жеткиликтүүлүк жумалыгы- бул билимди ачык бөлүшүүнү саясаттагы өзгөрүүлөр жана дүйнө жүзүндөгү адамдарга таасир эткен социалдык маанилүү маселелер менен байланыштыруучу дүйнөлүк масштабдагы баа жеткис мүмкүнчүлүк. Бул иш-чара дүйнөнүн бардык бурчундагы адамдар, мекемелер жана уюмдар тарабынан белгиленип, жыл сайын теманы тандаган глобалдык кеңешчи комитет тарабынан уюштурулат. Ачык жеткиликтүүлүк жумалыгынын расмий хэштеги — #OAWeek.

Previous
Previous

Kiswahili (Tanzanian)

Next
Next

Latvian